• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Самара Каримова: «Илегилекти» көргөндөн кийин көрүүчүлөр жыйынтык чыгарса болот. Учурда билеттер калбай калды

6 Бирдин айы 201817:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.02.18.Govori.TV

Соңку күндөрү интернет тармагында ырчы Самара Каримова башка ролду аткарып жаткан  «Илегилек» драмасынын баасы ызы-чуу жаратып келет. Соцтармактын колдонуучулары Каримова катышкан үчүн билеттин баасы 750 сомбу десе, экинчиси спектакль коюлганга чейин акчасы арзандап 200 сом болуп калды деген пикирлерди жазышкан. Бул туурасында Govori.TV сайты ырчы менен байланышты.

Көрсө «Илегилек” драмасынын баасы ошол эле бойдон экен. Болгону алдыңкы орундуктар 750 сом болсо андан кийинки катарлардын баасы 200 сом экен.

«Азыркы учурда “негативдүү” комментарийлерди окуганга убактым жок. «Сын болбосо өсүш болбойт» дегендей антип сындап жатканы дагы бир чети жакшы. Учурда спектакль коюла турган күнгө убакыт аз калгандыктан репетиция, уюштуруу иштери менен бошобой жүргөн кезим. Спектаклга кызыккандардын саны да күндөн-күнгө көбөйүүдө.  Буйруса көрүүчүлөргө даярдап жаткан спектакль мыкты деңгээлде болот деп ишенем. Эң кызыгы азырык учурда эле биринчи күндүн  билеттери сатылып бүттү» -дейт Каримова.

Мындан сырткары, бул убакытка чейин драм театрга канчада деген спектаклдер коюлган, ал кесиптештеримдин эмгектерин баалайм. Күндүн ысыгына-суугуна карабай келип айлап даярданышып, болгон  убактыларын кетирип анан арзыбаган акчага койсо көрүүчүлөр келбей да коюшат. Спектакль койгонго да көп эмгек, аракет керек. Көшөгөнүн артында айтылбай жасалган жумуштар абдан көп ошондуктан билеттин баасын ылайыктап анан койгонбуз. Көрүүчүлөр «Илегилект» драмасын көргөндөн кийин жыйынтык чыгарса жакшы болотго деп кошумчалады.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык «ИлегИлек» драмасы жаз айында Бишкекте коюлса андан ары башка областарга да коюлат экен.

 

 

 

 

 

.

 

Количество просмотров: 26