• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Самара Каримова Оштогу музыкалык мектептин директору болуп дайындалды

30 Тогуздун айы 2018 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV

Ырчы жана актриса Самара Каримова Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык мектептин директору болуп дайындалды.  Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымат таратты.

Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке директор кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечимдин негизинде Самара Каримова аталган кызматка дайындалган.

Ырчы Самара Каримова 2017-жылы «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулук бул дайындоого ар түрдүү сын-пикирлерин жаадырышкан. Калың элдин каттуу талкуусунан кийин, ырчы бул кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.

 

Количество просмотров: 34