• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Самара Каримованы Ош музыкалык окуу жайынын жамааты кабыл албай жатат

14 Үчтүн айы 2021 21:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жааматы Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.

Аталган окуу жайдын эмгек жамааты Каримованы директор катары тааныбай тургандарын жана анын музыкалык жогорку билими жоктугун айтышууда.

«Биз Самара Каримованы директор катары тааныбайбыз жана эмгек жамаат иштешпейт. Эгер директор кылып дайындала турган болсо митингге чыгабыз», – деп билдиришкен мугалимдер.

Ал ортодо Самара Каримовага дагы пикирин билдирген.

«Соттор мыйзамдуу чечим чыгарды. Мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп, арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Менин аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган. Мен бул иш боюнча арыз жазып, сотко кайрылып, жарым жылдан бери процесске катышып жүрөм. Сот министрликтин кылганы туура эмес деген чечим чыгарып берди. Мен сотко же тууганыма таянган жокмун», – деп билдирген ал.

Количество просмотров: 308