• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Самарканд: каналдан жаш келин менен эки баласынын сөөгү табылды

19 Чын куран 2024 17:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд облусундагы каналдан эки кичинекей баланын жана жаш келиндин сөөгү табылды. Жергиликтүү тургундун айтымында, анын келини балдары менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 15-апрелде Самарканд облусунун ички иштер башкармалыгына тургундардын бири арыз менен кайрылган. Ал 24 жаштагы келини 4 жаштагы кызы жана бир жаштагы уулу менен Самарканддагы үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткенин билдирген.

16-апрель күнү эртең менен Даргом каналынан эки жашы жете элек баланын сөөгү табылган. Кийинчерээк келин да өлгөн абалда табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Самарканд шаарынын тургуну балдары менен кошо сууга чөгүп каза болгон. Анын өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону белгисиз.

Бул факты боюнча жергиликтүү прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 907