• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Самаркандда 2 баштуу ымыркай жарык дүйнөгө келди

30 Кулжа 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд облусунда 2 баштуу ымыркай жарык дүйнөгө келди. Кош бойлуулуктун 16-21-жумасындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен ата-энесине сиам эгиздер тууралуу эскертилген. Алардын талабы менен балдар жарыкка келди.

Облустук көп тармактуу медицина борборунун башкы дарыгери Дилшод Рахмановдун маалыматы боюнча, учурда ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир катар текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын ички органдары экиден, ал эми жыныс мүчөсү бир.

Дарыгердин айтымында, мындай учур дүйнөдө сейрек кездешет. Айрымдары 30-50 жашка чейин жашаган. Бирок Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы башка болгондуктан бир катар татаал анализдер текшерилет. Балдардын апасы учурда төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Аталган медициналык борбордогу дарыгерлер мындай учурга биринчи жолу туш болуп жаткандыктан медицинасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдөгү дарыгерлердин жардамына муктаж.

Булак: баракелде.

Количество просмотров: 531