2-октябрдан 7-октябрга чейин Самарканд шаарында Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучуларынын жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык турнири болуп өтүп, анда АРБӨСМнин тарбиялануучулары жогорку даярдыктарын көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.
Бул турнир жаш спортчулар үчүн көндүмдөрүн бекемдөөгө жана баалуу атаандаштык тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берген маанилүү этап болду. Турнирдин негизги максаты күчтүү оор атлетчилерди аныктоо гана эмес, КМШ жана Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, ошондой эле жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болгон.
Турнир Өзбекстандын оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.
Белгилей кетсек, АРБӨСМнин окуучусу Жеңишбек уулу Нургазы жакшы жыйынтык көрсөтүп, мелдештин чемпиону болгон. Бул мелдеште оор атлетика боюнча АРБӨСМнин командасы катышкан командалардын ичинен 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпысынан мектептен 19 спортчу катышып, көпчүлүгү байгелүү орундарга ээ болушту.