• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Самаркандда баштыкка салынган эгиз ымыркайлар табылды

25 Жалган куран 2024 15:20 Бишкек Govori.TV

Самарканддын Карасуу районундагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинде жаңы төрөлгөн эгиздер ташталган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Болжол менен 4-5 күн мурун төрөлгөн, баштыкка салынган ымыркайларды жергиликтүү медайым таап алган.

Маалыматка ылайык, эгиз кыздарды кире беришке энеси таштап кеткен. Анын бул аракети көп кабаттуу үйдүн көзөмөл камерасына түшүп калган. Аял беткап кийип, жоолук менен оронуп алган.

Табылган ымыркайларды медайым ошол эле үйдүн биринчи кабатында жайгашкан медициналык клиникага алып барган.

«Биринчи кезекте балдардын абалын текшерип, амбулаторияга алып барып, жүрөгүнүн кагышын текшердик. Эки эгиздин тең ден соолугу жакшы… Укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, абалды баалашты. Балдардын энеси ушул аймактын жашоочусу деп болдолдоп жатабыз. Жакын жерде клиника бар, ал бул тууралуу билсе керек», — деген жеке клиниканын жетекчиси Бахриддин Донеров.

Дарыгерлердин айтымында, учурда эгиздердин абалы жакшы, алар толук көзөмөлдө жана камкордукта. Балдарды таштап кеткен аялдын өздүгү азырынча тактала элек.

Количество просмотров: 2841