• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Самаркандда 33 жаштагы ырчы үй-бүлөлүк чырдан улам өлтүрүлгөн

30 Теке 202517:10 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунда 33 жаштагы ырчы Зебойи Жахон үй-бүлөлүк чырдан улам өлтүрүлгөн.

Podrobno.uz сайтына Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын күйөөсү адам өлтүрүүгө шектелип кармалган. ⠀

Окуя 26-июль күнү Тайлак районундагы Чарагбан кичирайонунда болгон, ал өзүнчө жашаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал киши балдарын көргөнү келген, бирок алардын ортосунда чыр чыккан. Жаңжал учурунда ал колу менен мойнунан кысып, натыйжада кыз ошол жерден каза болгон. ⠀

Бул факты боюнча атайылап киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 240