• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Самарканддын тургуну 10 жаштагы жээнине зордук-зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда

25 Теке 2023 15:42 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунда 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын июнь айына чейин 10 жаштагы кыз 45 жаштагы агасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Nemolchi.uz долбоору өз булактарына таянуу менен билдирди.

Шектүүгө карата «Жашы жете элек өспүрүмгө карата адепсиз мамиле жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өзбекстанда мындай аракет үчүн сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Nemolchi.uz долбоору бул ишти колго алып, бардык жагдайларды иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Шектүү киши кызды жыныстык катнашка үндөгөнү эске алынып, ага «Табигый эмес түрдө сексуалдык муктаждыкты канааттандыруу» беренеси боюнча да айып тагылышы мүмкүн.

«Кыз көптөн бери зордук-зомбулукка кабылгандыктан, ага жок дегенде психологиялык колдоо керек. Мамлекет муну колго алат деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы убакта Өзбекстанда өспүрүмдөр сексуалдык асылууга кабылган учурлар көп катталууда.

Количество просмотров: 228