• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Самаркандек айылындагы ооруканын курулушу быйыл аяктайт (видео)

13 Бугу 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу ооруукананын курулушу 2023-жылда бүткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каражаттар бөлүнгөн.

Азыркы учурда ооруканын жер иштери 100% бүткөрүлүп, фундамент иштери 100%, экинчи кабатынын дубалы 100%, чатыры 100%, 2 кабаттын пол иштери 80% бүткөрүлгөн. Сырткы жасалгалоо иштери 50%. Терезелер 100% орнотулган. 2 резервуар 100% орнотулду, от казан орнотмолору 100% бүткөрүлгөн, пландоо 40%.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-17-сентябырында Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кандуу кагылышуунун негизинде аталган ооруканын курулушу жабыркаган объектилердин арасына кирет.

Количество просмотров: 119