Укук коргоочулар жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышы боюнча билдирүү жасашты. Бул тууралуу «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
«Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө.
Самат Матцаков жөн гана адвокат эмес. Ал өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын коргоого даярдыгы менен таанылган адис. Бул окуя көз карандысыз адвокатурага гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калды», — деп айтылат билдирүүдө.
Укук коргоочулар Самат Матцаковду камакка алуудагы мыйзам бузууларды атап келип, аны дароо жана шартсыз бошотууну талап кылышкан. Ошондой эле адвокаттарды коргоо зарылдыгын белгилешкен.
Билдирүүгө ондогон укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер кол коюшкан.