• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Самидинов: «Нарын» жана «Казарман» аэропортторуна жумасына бир жолу каттам аткарылат

8 Аяк оона 202514:02 Бишкек Govori.TV

«Нарын» жана «Казарман» аэропорттору жумасына эки жолу каттам кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, эки аэропорттун тең учуп-конуу тилкелери жаңыланды.

«Президент тарабынан өлкөдөгү аэропортторду жандандырып, ишке киргизүү тапшырмасы берилген. Ошол долбоорлордун ичине кирген аймактык “Нарын” жана “Казарман” аэропортторун бүгүн расмий ачып жатабыз. “Нарын” аэропортуна жумасына бир жолу, “Казарман” аэропортуна да жумасына бир жолу каттам аткарылат. Бирок суроо-талапка жараша биз жумасына каттамдарды эки жолу аткарганга даярбыз», -дейт ал.

Самидинов белгилегендей, “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Анда азыркы талапка жооп бере турган тиешелүү шарттар түзүлдү. Ал эми “Казарман” аэропортунун аэробекети реконструкцияланып, ичине жаңы жабдуулар коюлду. Эки аэропортттун тең учуп-конуу тилкелери жаңыланды.

Количество просмотров: 143