Бийлик бутактарынын ортосундагы алака бекем болуп, кызыкчылык мамлекет үчүн болуш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо билдирди.
«Башкага эмне керек экенин билбейм, бирок мага эгемендиги бар өлкө керек. Биз корстонуп эле министрлерди басалы же популисттенели дегенден алыс болгонубуз маанилүү. Эгерде жакшы мыйзам сунушталса биз колдоп эле тим болбостон жардам беришибиз керек»,-деди эл өкүлү Мирлан Самыйкожо.