• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Самыйкожо: Өткөн аптада өкмөттүк күн өз деңгээлине чыкпай калды

8 Кулжа 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада өкмөттүк күн өз деңгээлине чыкпай калды. Мындай пикирин эл өкүлү Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Өкмөттүк күндө өкүртө кызыл чеке болуп, мамлекеттүүлүк үчүн күрөшүшүбүз керек болчу. Өткөн аптадагы жыйында күз-кыш мезгилине даярдык, экономикалык абал, өкмөттүн аткарган иштери тууралуу суроолор болуш керек эле. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы парлмаентке өзү келбегени үчүн дагы бул маселе айтылбай калды окшойт. Өзү келсе багыт дагы өзгөрмөк. Ошондо гана өкмөттүк күн өз деңгээлине чыкмак»,-деди депутат.

Эске салсак, 2-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн өтүп, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Количество просмотров: 326