• Ишенби 16 Тогуздун айы 2021

Санкт-Петербург шаарынан Ошко учкан учак аргасыздан Казанга конду

4 октября 2021 в 10:09 Бишкек Govori.TV

Кечээ Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Ошко учкан учак аргасыздан Казанга конгон. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул жүргүнчү ташуучу учак болгон, ал Питерден Ошко учуп бара жаткан, бирок жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлаганына байланыштуу аргасыздан Казань аэропортуна конгон.

“Жүргүнчү Казань шаардык ооруканасына жаткырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 680