• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Санкт-Петербургда дарыгерлер өлгөн адамды балдар ойноочу жайга таштап кетишти

30 Чын куран 201912:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Санкт-Петербург шаарында балдар ойноочу короолордун биринде отургучта жансыз адамдын денеси 3 саат жатып калган. Өлгөн адамдын тегерегинде жаш өспүрүмдөр ойноп жүргөнү тууралуу “Вести” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер жаранды текшергенден соң, бетин жаап отургучка калтырып кетишкенин жергиликтүү тургун видеого тартып алган.

https://vk.com/video-94076846_456241663

Видео материалда өлгөн адамдын айланасында кичинекей балдар ойноп жүргөнүн көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, жансыз адамдын денеси болжол менен 3 саттай отургучта жатып андан соң, моргго жеткирилген.

Количество просмотров: 18