• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Санкт-Петербургда кыргыз жараны каза болду. Ысык-Көлдө  көчкү алдында калган адам изделүүдө

23 Үчтүн айы 2018 13:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.01.18.Govori.TV

 Ысык-Көлдө  көчкү алдында калган адам изделүүдө 

Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында  21-январь күнү, саат 17:00дөр чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп бир адамды басып калды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта үч киши отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшкөнү айтылат. Алардын экөө аман калып, бирөө табыла элек.

Издөө-куткаруу иштерине 18 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Куткаруучулар Каракол шаарынан аталган аймакка кечки саат 23.15те чыгып кетишкен. Учурда ал жакта байланыш жок болгондуктан акыркы маалыматтар келе элек.

 Чычкан суусунан май ташуучу унаа чыгарылды

Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Чычкан суусуна түшүп кеткен май ташуучу унаа 22-январь күнү саат 15.30да чыгарылганын ӨКМ билдирди. Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү сууга кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактын ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү ишкердин суунун боюнда жайгашкан балык чарбасына зыян келтирилип, төрт тоннага чукул балык кырылып калганы айтылган.

Санкт-Петербургда кыргыз жараны каза болду 

КРдин Россиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кокустуктан улам каза болгонун тастыктады.

Ага ылайык, Россия ИИМинин Санкт-Петербургдун Фрунзе району боюнча башкармалыгы 1980-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.Д. каза болгонун ырастаган. Каргаша 19-январда киши автобусту оңдоп жатканда болгон.

Элчилик маркумдун жакындарына зарыл болсо сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн жардам берүүгө даяр.


Количество просмотров: 13