Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1-сентябрда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
«Башкы консулдук Орусия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды. Анын аймагына Санкт-Петербург шаарынан сырткары Карелия жана Коми республикалары, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород жана Псков облустары кирет. Бул консулдук округда жүргөн кыргызстандык жарандар консулдук кызматтын бардык түрүнө байланыштуу кайрыла алат»,-деп жазылган маалыматта.