Бишкек. 09.01.18 Govori.ТV
Эгерде Санжар Муканбетовдун талапкерлиги парламент тарабынан жактырылса ал экономика тармагын тейлейт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Өкмөттө 4 вице-премьерлик кызмат бар, эгер Муканбетов парламенттен колдоо таап бул кызматка барса, ал кайсы тармакты тейлейт, сиз кайсы тармакты көзөмөлдөйсүз?», — деген суроосун биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге узатты «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев
«Муканбетов мурунку вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов тейлеген экономика тармагын тескейт Анын ичинде инвестиция жана туризм тармагы боюнча иш алып барат. Мен болсо отун өнөр жай тармагын жетектейм», — деп жооп берди Аскарбек Шадиев.
Эскерте кетсек, буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.
Учурда Санжар Муканбетов финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектейт.