Бишкек. 08.01.18 Govori.TV
Учурда Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын жетектеп турган Санжар Муканбетов вице-премьер министр кызматына келиши күтүлүүдө. Мындай маалыматты Govori TV сайтына кеңештеги өздүк булактар тактады.
Маалыматка ылайык, Санжар Муканбетовдун талапкерлигин депутаттарга премьер –министр Сапар Исаков сунуштаган. Бул маселенин эл өкүлдөрү парламенттеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот –укуктук маселелер жана Жогорку Кеңешинин регламенти комитетинин 9 январдагы жыйынында карашат.
Эскерте кетсек, өкмөттөгү вице-премьерлик кызмат Толкунбек Абдыгулов Улуттук Банктын төрагалык кызматына кайра кайтып келгенден бери бош турат.