• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сапар Исаковдун туулган күнү “Эмен” багында белгиленет

26 Теке 201817:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07.2018.Govori.TV.
Сапар Исаков 29-июлда 41 жашка толот. Абакта отурган мурдагы премьер-министрирдин туулган күнүн тарапташтары ансыз белгилешет.

Коррупция беренеси боюнча УКМКнын абагында жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 29-июлда 41 жашка толот. Социалдык тармактардагы анын тарапташтары экс премьер-министрдин туулган күнүн Бишкектин “Эмен” багында белгилөө тууралуу макулдашышты.

Эске сала кетсек, Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын Жогорку сот тергөө бүткөнгө камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Ал эми анын апасы уулунун баш коргоо чарасын үй камагына которуу боюнча өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жолдогон.

 

 

Количество просмотров: 57