• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

     Сапар Исаков: “Алмаз Атамбаевди системдүү каралоо жүрүп жатат”

29 Бугу 2018 15:09 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 29.05. 2018. Govori.TV

“Социалдык тармактарда мени жана Алмазбек Атамбаевди системдүү каралоо жүрүп жатат”. Бул тууралуу экс-премьер министр, ири долбоорлордун куратору Сапар Исаков УКМКга суракка кирип бара жатканда айтты.

Анын айтымында, азыр кайсыл жакка көз салба, элдер пикирлерин калтыруу менен аларды бир беткей каралап жатышат.

“Карасаңар, социалдык тармактарда ар кандай сөздөрдү жазып жатышат. Бул системалуу. Каякты караба, баардык жакта каралашат, саткындар деп жазышат. Маалымат-кызматынан мага “Сизди качты, Новосибирсктен кармалды деп жазышты” деп айтышты. Мен Кыргызстандан качпайм. Өлкөмдү сүйөм жана көп нерсени жасоого даярмын. Мен так иштедим, коррупцияга аралашкан жокмун”,-деди Сапар Исаков.

Эске сала кетсек, ал бүгүн төртүнчү жолу УКМКнын сурагына кирип жатат.

Количество просмотров: 8