• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Сапар Исаков Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы жаракаларды текшерет

6 Үчтүн айы 2018 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.01.2018. Govori.TV

Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун кээ бир тилкелериндеги асфальтта пайда болгон жаракаларды иликтөө үчүн көз карандысыз эксперттерден, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистеринен турган комиссия түзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын алып келүү милдетин койду.

Өкмөт башчынын тапшырмасы жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган автоунаа жолунун сапаты начарлап кеткени боюнча чыккан маалыматтарга байланыштуу берилди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, 2012-2013-жылдагы кыштан кийин жаңы асфальт төшөлгөн тилкеде 2-3 сантиметрге жеткен жаракалар пайда болгон. Эл аралык эксперттер кышында жердин алдынан тоң тээп жаткандыктан, топурактын борпоңдугуна байланыштуу жаракалар пайда болууда деген жыйынтыкка келген. Себеби аймакта тоңдун тереңдиги 1,8 – 2,0 метрге жетет.

«Жолдун жарака кеткен тилкелери аба ырайы кескин өзгөрүп турган (күндүз +10 градус болсо, түндө -40 градуска чейин жетет), катаал климаттык шарттагы райондо жайгашкан. Жаракалар жаз-жай мезгилинде жер кыртышындагы тоң эригенден кийин кайра жабыла баштайт» — деп маалымдайт Транспорт жана жолдор министрлиги.

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолдун 439-479-чакырымын реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.

Количество просмотров: 2