• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Сапар Исаков камакта жалгыз калгысы келет

12 Чын куран 201914:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 12-апрелде Свердлов райондук сотунда ЖЭБдеги коррупция иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда шектүүлөрдүн бири мурунку премьер-министр Сапар Исаков күнөөсүн мойнуна алган жок жана алардын иши жетишээрлик деңгээлде каралбай жатканын айтты.

«Тергөөнүн жыйынтыгына таяна турган болсок баары эле менин тегерегимде жүрүүдө. Андай болсо менден башкаларын кое берүүнү сурайм»,- деди Исаков.

Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында Сапар Исаковдон башка мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар.

Количество просмотров: 14