№1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга, дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Алар аталган колонияларга 23-апрелде жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.
22-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы соттолгон 86 адамдын жазасын өтөө жайын аныктоо боюнча жыйын өткөргөн. Алардын ичинде жогоруда аты аталган мурдагы аткаминерлер да бар болчу.
«№1 тергөө абагында камакта отургандар көп. Андан тышкары абакта отургандар да көптөн бери которула элек болчу. Азыр убактылуу кармоо жайларында да киши толуп калды. Аларды болсо тергөө абагына киргизиш керек», — деп айтылат маалыматта.