• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги №21 тергөө абагы көчүрүлөт

29 Үчтүн айы 202516:23 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 СИЗО жылдын аягына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуш түшө турган жер тилкеси аныкталып, даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.

Садыков кошумчалагандай, өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жаңы тергөө изолятору курулуп, ишке берилсе, Караколдогу жана Оштогу тергөө абактарын жаңыртып, көчүрүү пландалып жатат. Учурда жаңы имарат курууга жер тилкелер каралып жатат.

Количество просмотров: 314