• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айбек Бусурманкулов: СИЗО-1ди концлагерлерге айландырышты

5 Аяк оона 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Сотко жеткирилген Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов кыскача комментарий берип жетишти.

«СИЗО — 1ди концлагерлерге айлантып, аксакалдарды суук жерге кармап жатышат»,-деди Бусурманкулов.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Али Шабдан, Акыл Айтбаев жана Эрлан Бекчоро уулу үй камагына чыгышкан. Мындай чечимди 28-августта Бишкек шаардык соту кабыл алган.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Количество просмотров: 329