• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сапар Исаков ТЭЦти модернизациялоо боюнча суралат

26 Чын куран 2018 12:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.04.2018. Govori.TV.
Сапар Исаков бүгүн УКМКнын тергөөчүлөрүнө Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча суроолорго жооп берет. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Ал белгилегендей, мурдагы Энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишине байланыштуу, көрсөтмө берүү үчүн Сапар Исаков да чакырылган. Ал азырынча күбө катары сурактан өтөт.

Бүгүн, экс-премьер-министр Сапар Исаков УКМКда сурак берет. Бул туралуу ал өзүнүн фейсбук тармагындагы баракчасына чакыруунун сүрөтүн койгон.
Анда ал бүгүн саат 15:00дө УКМКга барып, тергөөчү К. Сабыровго көрсөтмө берүүгө тийиштиги жазылган.

 

Количество просмотров: 37