Өкмөт башчы Сапар Исаков 17-апрель күнү парламенттеги оппозициялык фракциялар-«Атамекен», «Республика-Атажурт», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын бириккен отурумунда Өкмөттүн отчетун берди.
Депутаттар туш-тараптан суроолорду мөндүрдөй жаадырганы менен Сапар Исаков баарына ийкемдүүлүк менен жооп берип, айрым үнүн бийик чыгаргандарга тырчып, өзүнүкүн берген жок.
Аягында оппозициялык фракциялардан эки депутаттан башкасы анын отчетуна «канааттандыраарлык эмес» деген баа берди.