• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

7 Кулжа 2019 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев жана Салайдин Авазовдор 12-августка чейин камакта калышты. Мындай өкүмдү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

6-июнь күнү сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум өтүп, анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы энергетика министри жана экс-депутат Осмонбек Артыкбаевдин жана «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун адвокаттары баш коргоо чараларын өзгөртүүнү өтүнүштү.

Бирок, сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Ал эми соттолуучулар 12-августка чейин камакта калышты.


Количество просмотров: 35