Сапар Исаковдун сотунда видео жана сүрөт тартууга тыюу салынды
Сапар Исаковдун сотунда видео жана сүрөт тартууга тыюу салынды
9 Баш оона 201815:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV
Бүгүн экс-премьер министр, жемкорлукка айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы шаардык сотто каралып жатат.
Сотто сүрөт жана видео тартууга тыюу салынды. Ал эми Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов прессаны камерасыз болсо да, киргизгенине судьяга ырахмат айтты.
Мында Исаковдун жактоочулары ал эч жакка кетпейт, тергөөгө таасирин тийгизбейт, үй камагына чыгышы керек деп жатышат.
«Сапар Исаковго тагылып жаткан айыптар оперативдик маалыматтардын негизинде болгондуктан, ал айыптар далилденгенге чейин анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү мыйзамдуу болмок»-деди жактоочу Токтакунов.
Үй камагына же күрөө коюп чыгаралы, ал тергөөгө керектүү көрсөтмөлөрдү берди, өзү кызыкдар дейт жактоочу Учкун Каримов.
Ошондой эле төрт баласы бар, үчөө жеткинчек, апасы пенсионер ошону эске алуу керек деп кошумчалады жактоочу Учкун Каримов.
Эске сала кетсек, буга чейин да Сапар Исаков ага УКМКнын тергөөчүлөрү аталган жактоочудан баш тартууну талап кылганын айтып чыккан.