Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму өттү.
Мамлекеттик айыптоочулар Сапар Исаковду «Жемкорлук» айыбы менен 319-берене боюнча 20 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле 247 млн сомдон ашык айып пул төлөөгө милдеттендирүүнү сурашты. 20 жылга Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча соттолгон мөөнөт да кирет.
Ал эми прокурорлор Карыбаеваны Кылмыш-жаза кодексиндеги 320-берененин 1-бөлүмү (эски редакция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салууну суранышты.
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.