• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камактагы депутат милиция басым жасады деп прокуратурага даттанды

21 Бирдин айы 20209:25 Бишкек Govori.TV

“Ээнбаштык” беренеси менен камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевге тергөөчү тарабынан психологиялык басым болуп жатат. Бул боюнча Бөрүбаев прокуратурага даттанганын анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирген.

Жактоочунун айтымында, Бөрүбаев Баткен областтык милициясынын тергөөчүсү Замир Бекмырзаев тарабынан ар кандай басымдар болуп жатканы тууралуу прокуратурага арыз жазып берген.

Иш боюнча тергөө тобу түзүлгөн экен. Жактоочу ишти жалгыз тергеп жатыптыр. “Эгерде тагылып жаткан кылмышты мойнуңа алсаң, ишти кыскартабыз, албасаң кыйналып каласың” деп психологиялык басым көрсөтүп жатыптыр. Менин көзүмчө ошонун үстүнөн прокурорго арыз жазып берди, — деп билдирген жактоочу.

Мындан сырткары, жактоочу Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаев эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазып бергенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 395