• Жума 12 Теке 2024
  • Пятница 12 Июль 2024

Сапаралиев Жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

2 Теке 2024 10:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сапаралиев Азис Айнабаевич жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Количество просмотров: 55