“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлбайра Сапаралиева.
Сапаралиева Гүлбайра 50 жашта Бишкек шаарынын тургуну.
«Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалиммин. Коомдо болуп жаткан окуялар, ала качуу, зордук-зомбулуктарды алдын алып, аялдардын укугун билүүгө салым кошкум келет. Жарандарга жардам Тренингде алдыңкы лидер аялдар менен жолугуп, тажрыйба алмашкым келет»,-деди сапаралиева.