• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сапарбаева: Аялдардын катышуусунда чечиле турган маселелер көп

8 Тогуздун айы 2021 16:22 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Шайыргүл Сапарбаева.

41 жаштагы Сапарбаева кесиби боюнча финансист.

«Бул тармакта 19 жылдан бери эмгектенем. Тренинг тууралуу маалыматты социалдык тармактардан окуп катышууну туура көрдүм. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук жаатындагы билим алгым келип жүргөн. Коомдо аялдардын орду чоң. Алардын катышуусунда чечиле турган маселелер көп»,-деди Сапарбаева.

Количество просмотров: 146