• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Сапат» билим берүү мекемелеринин эртеңи эмне болот? Министрликтин жообу

7 Теке 202116:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту. Анда депутат Абдывахап Нурбаев «Сапат» билим берүү мекемелеринин келечеги эмне болот? деген суроо узатты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “Сапат” билим берүү мекемелери эч өзгөрүүсүз иштей берерин билдирди.

“Сапат” билим берүү мектептери мурдагыдай эле иштей берет. Анткени, мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашкан, биздин балдар окуп, биздин мугалимдер сабак берип жатат”, — деди ал.

Количество просмотров: 180