Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 16-январда кыргыз-тажик чек арасы боюнча Баткендеги кеңешмеде сүйлөгөн сөзүн сындады.
Анын айтымында, Башкы прокурордун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнү этикага жатпайт.
Кечээ жакында Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешме өттү. Анда Башкы прокурор жергиликтүү бийлитктин жакшы иштебей жатканын айтып, жазык кодексинде «Шалаакылык» деген берене менен ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём дейт. Бул эмне деген сөзү? Башкы прокурор кимди коркутуп жатат? Эгерде өкмөттөгүлөр иштин көзүн таба албай жатса, айыл өкмөттөр күнөөлүбү?,-деди депутат Казакбаев