• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сариев: Ата Мекендин алдында түзүлгөн «Жаңы демдин» капчыгы калың эмес

8 Кулжа 2020 20:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саясатчы Темир Сариев Govori. TVга түз эфирде маек курду. Маектин алкагында Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдер болуп бириккен «Жаңы дем» бирикмеси тууралуу суроого жооп берди.

Анын айтымында, аталган бирикменин капчыгы калың эмес.

«Бизнестен кеткениме бир топ жылдын жүзү болду. Бирок 2000-жылга чейин ишкерлик жаатында ийгиликтерди жаратканым белгилүү. Азыркы биздин «Жаңы дем» аталышындагы бирикме чынын айтыш керек, башка бийликтин партияларындай капчыгы калың эмес. Акчага басым жасай турган болсок бүгүнкүдөй абалга кептелебиз. Эгерде акылга, билимге, ички маданиятка, намыска, чындыкка басым жасасак көп нерсени өзгөртө алабыз»,-дейт Сариев.

Количество просмотров: 657