• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сариев: Шайлоо баштала элек, шаардагы баннерлердин баардыгы сатылып кеткен

17 Бештин айы 2019 17:01 Бишкек Govori.TV

Шайлоого карата үгүт иштерине байланыштуу борбор калаадагы көрнөк-жарнак илинүүчү баннерлердин баардыгын бир партия сүйлөшүп ижарага алган деген маалымат бар.  Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы, «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев бүгүн шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйын учурунда билдирди.

Мындан сырткары, Темир Сариев парламент шайлоо мыйзамдары боюнча коомдук угуу өткөрүшү керек экенин белгилеп, ага парламентте болбогон партиянын өкүлдөрү жана жарандык активисттердин катышуусу зарыл экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 132