Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арызды кароо кийинкиге жылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сариев шаардык сотко жеткирилген жок, соттук жараян 12-октябрга саат 16:30га жылдырылган.
Эске салсак, Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариев «Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып менен 3-августта кармаган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Соттун чечимине макул болбогон жактоочу тарап чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.