• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

УКМК: Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди

19 Үчтүн айы 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында анын жакындары акчаны төлөгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Учурда анын ишине юридикалык баа бериш үчүн тергөө иштери уланууда.

УКМК Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен 17-декабрда кармаган. 23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов аны шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган.

19-январда таратылган расмий кабарга ылайык, ал комитеттин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен териштирүү жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырган.

Количество просмотров: 161