• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

17 Үчтүн айы 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы токтомунун негизинде айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Аны абакта кармоо чечими эч жакка кетпөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасына алмаштырылган.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. 2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз түрдө камалганын айтып келет.

Количество просмотров: 357