• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Саруу айылындагы май куюучу жайды тоноого шектүү үчүнчү жаран кармалды

17 Бештин айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Саруу айылындагы май куюучу жайды тоноого шектүү үчүнчү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жети-Өгүз РИИБнин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн шектүү Дархан айылынын 26 жаштагы тургунунун жашаган жери аныкталды. Ал кечээ, 16-декабрда Бишкек шаарынан кармалып, Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, май куюучу жайга кол салуу 14-декабрда болгон. Анда үч белгисиз адам ок атуучу курал менен кассирди коркутуп, 1000 сомун тоноп кетишкени маалымдалган. Буга чейин үч шектүүнүн экөө кармалып, алар Дархан айылынын тургундары — 28 жаштагы жигит жана 16 жаштагы өспүрүм болуп чыкты.

Количество просмотров: 224