• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сасык тумоого байланыштуу кырдаал айтылды

27 Бирдин айы 202317:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал боюнча маалымат таратты.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 20-февралынан 27-февралына чейинки аралык республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 5548 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 202 852 учур катталды.

«Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 8-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 79,6 түздү, башкача айтканда өткөн жумага салыштырмалуу 20.4%га түштү»,-деп айтылат маалыматта.

Күн сайын республика боюнча ооруга чалдыккандарга мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Количество просмотров: 124