Учурда өлкөнүн бардык аймагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат.
Вакцинаны биринчи кезекте 9 айлык курактан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алууда. Ошондой эле кызамык оорусунун белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылат. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги калкты сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталганын билдирди. Министрлик буга чейин 68 миң доза вакцина сатып алганын билдирген. Вакцина алууну каалагандар жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылса болот.