• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сасык тумоонун эң жогорку чеги декабрдын аягына январдын башына туш келиши мүмкүн

9 Бештин айы 202010:02 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги божомол келтирди.
Министрлик өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган адамдардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 10,3 пайызга азайгандыгын белгиледи.

«2 миң 430 учур катталган. Ал эми 2019-жылдын ушул жумасына салыштырмалуу оору эки эсе аз. 2019-жылы 4 931 учур катталды ”, — деп билдирди саламаттык сактоо министрлиги.

Саламаттык сактоо министрлиги ушул кезге чейин тобокелдик тобундагы 300 миң адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөнүн белгиледи. 4-декабрда Россиядан сасык тумоого каршы 550 миң доза вакцина алынды. Мындан тышкары ЮНИСЕФтин колдоосу менен сатылып алынган 70 миң доза тумоого каршы вакцина келиши күтүлүүдө.

Количество просмотров: 195