• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сатарова: Депутаттарды медиа тармагы менен иштөөнү үйрөтүү керек

19 Бирдин айы 2023 11:11 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 37 жаштагы Жылдыз Сатарова, ал Кант шаарынан келди.

«Мен жергиликтүү кеңештин депутатымын, бул менин биринчи чакырылышым. Мындан тышкары коомдук кабыл алуу бөлүмүндө иштейм, биз кайрымдуулук долбоорлору менен жардам көрсөтүп келебиз. Өзгөчө балдар менен иш алып барып аларга жардам берүү менен алек болом. Өзүмө кайрымдуулук иштерди жасаган жана бул тармакта иш алып барган абдан жагат. Бул тренинге өзүмө жаңы тажырыйба, билим алуу үчүн келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 80