• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан жаран УКМКдан эскертүү алды

9 Баш оона 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

УКМК калаадагы оюн-зоок борборунун кызматкерин калькулятор менен башка чапкан жаранга эскертүү берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

«Теринин түсүнө, расасына, этникалык жана расалык, улуттук же диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата кадыр-баркты түшүрүү КР Кылмыш -жаза кодексинин 313 -беренесине ылайык кылмыш катары каралып, 10 жылга чейин эркинен ажыратыла тургандыгын эскертебиз. Мындай фактылар болгон учурда КР УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 кайрылыңыздар», — деп айтылат маалыматта.

УКМК өлкөдө кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил болуп саналарын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборунда конок А. Алимбаев менен бул борбордун кызматкери В. Углеванын ортосундагы чырдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда Алимбаев мас абалында В. Углевадан агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган. А. Алимбаев В. Углеваны мамлекеттик тилди билбегени үчүн жемелеп, калькулятор менен уруп жиберген. Буга байланыштуу УКМК А.Алимбаевге расмий эскертүү жарыялайт.

Количество просмотров: 659