• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сатыбалдиев, Калиев, Авазов камакта 13 октябрга чейин калды

9 Баш оона 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.08.2018.Govori.TV.
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Жолдошбек Назаровго, Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек, сот камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Аталган аткаминерлер Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталышкан. Азырынча баары Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурушат.
Количество просмотров: 19